• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек ара чыры. Камчыбек Ташиев снаряд түшкөн Самаркандек айылына барды

Аймак 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган окуяда жабыркаган Самаркандек айылына барды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, күн мурун, 14-сентябрда катталган чек ара чырында Самаркандек айылында да ок атышуу орун алган." Ошондой эле эле жергиликтүү тургундун үйүнө снаряд түшкөн. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул снарядды зыянсыздандыруу үчүн атайын адистерге тапшырма берип, айыл элин жана жалпы өлкөнүн чек арасын кайтаруу көзөмөлдө экендигин айтты", - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө Ташиев жергиликтүү тургундар менен да жолугуп, суу көйгөйү, чек ара жана башка социалдык маселелер көтөрүлүп, чечип берүү жагы айтылды.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду”, - деп айтылат маалыматта.

Саат 14:00дө Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан. Ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон.

Саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына тажикстандык чек арачылар ок чыгарды. Көп өтпөй атышуу токтогон. Бул аймактагы окуядан Кыргызстандын эки жай тургуну олуттуу жаракат алышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө жерлигинде болуп өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди.

15-сентябрь саат 08:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий