• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында эпидемиологиялык абал турукташты - вице-мэр

Аймак 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Ош шаарында эпидемиологиялык абал турукташты. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев билдирди.

"Бүгүнкү күндө Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал калыбына түштү десе болот. Бүгүн, 25-августка карата 8 учур катталды. Алардын ичинен бешөө коронавирус жуктургандар, үчөө пневмония менен ооругандар. Бүгүнкү күнгө чейин Ош шаарында 3 миң 300дөн ашык учур катталды. Бул расмий катталгандардын саны. Катталбагандардын санын кошкондо андан көп болушу мүмкүн. Учурда Ош шаарында 33 бейтап коронавирустан дарыланып жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий