• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде COVID-19 менен күрөшкөн медкызматкерлер үчүн кооз жаратылышы бар жерде жайгашкан объекттерде обсервация даярдалууда

Аймак 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Баткенде COVID-19 менен күрөшкөн медкызматкерлер үчүн кооз жаратылышы бар жерде жайгашкан объекттерде обсервация даярдалууда. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов билдирди.

"Ооруканалардын жугуштуу оорулар бөлүмүндө коронавирус менен ооруган бейтаптарды 14 күн бою дарылап чыккан дарыгерлер үчүн кооз жаратылышта жайгашкан объекттерде обсервация орундарын даярдап жатабыз. Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагындагы Алтын-Бешик балдар лагеринде обсервация уюштурулуп, ал жерде медайымдар, медицина кызматкерлери эс алып жатышат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий