• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Буура районунда кырсыктардын тобокелдигин талдоо боюнча тегерек стол өттү

Аймак 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. 2017-жылдын 2-март күнү Талас облусунун Кара-Буура районунда мамлекеттик администрациясында Аманбаев айыл аймагынын башкы жана жетектөөчү адистери жана Кара-Буура районунун мамлекеттик администрациянын төрагасынын катышуусунда “Кырсыктардын тобокелдигин талдоо” темасы боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган тегерек столдун максаты - республиканын айыл аймактарындагы кырсыктардын тобокелдигин талдоону жөнгө салуу жана ишке ашыруу боюнча талкуу жүргүзүү.

Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучу курамы ЮНИСЕФ уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте жогоруда аталган райондун пилоттук айыл аймактарда кырсыктардын тобокелчилигин талдоо боюнча жолугушууларды уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий