• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алмазбек Атамбаев Раимберди Дүйшөнбиев менен өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн күч-кубатын арттырууну талкуулады

Президент 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-мартта өлкө Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкө Куралдуу күчтөрүн мындан ары өнүктүрүү боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, Раимберди Дүйшөнбиев Куралдуу күчтөрдүн азыркы талаптарга жооп берген түзүмдөрүн түзүү, башкаруу органдарын оптималдаштыруу, бөлүмчөлөрдүн күжүрмөн жана ыкчам даярдыгын арттыруу, аскер кызматчыларын техникалык жабдуу жана социалдык камсыздоону жакшыртуу боюнча Президент койгон милдеттерди ишке ашыруу чаралары тууралу айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиев андан тышкары өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн куч-кубатын арттыруу боюнча комплекстүү иштерди улантуу максатында Кыргызстандын чет жердик өнөктөр менен аскерий-техникалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечек пландарын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий