• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин мэри жана Франциянын КРдагы элчиси маданият жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. Мэрияда Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов менен Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Микаэль Рунун жолугушуусу болду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана билим берүү тармагы боюнча кызматташтыктын келечегин талкуулашты, элчи мэрге жана муниципалитеттин командасына Бишкекти өнүктүрүү боюнча иштерине ийгиликтерди каалады.

Жолугушууга вице-мэр Айгүл Рыскулова, элчиликтин кызматкерлери, Борбордук Азиядагы Франциянын изилдөө институтунун директору Катрин Пужоль катышты.

Пикир

Оставить комментарий