• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эне тилибизге кызмат кылуубуз менен элибизге ак санаган адал эмгек өтөөрүбүздү терең түшүнөлү - Атамбаев

Президент 0

Бишкек, 22.09.17 /Кабар/. КР Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекеттин башчынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Кымбаттуу кыргызстандыктар,

кадырман мекендештер!

Кыргызстандын көз карандысыздыгына карай жолубуздун башаты эне тилибизди сактап калуу кыймылынан башталганы белгилүү. 28 жыл мурда бул кыймыл зор коомдук күчкө өсүп жетип, кыргыз тилинин мамлекеттик даражасын мыйзам түрүндө бекитүүгө жетишкен.

Дал ошол мыйзам кабыл алынган 23-сентябрь күнүн мамлекеттик тил майрамы катары жыл сайын белгилеп келе жатабыз. Баарыңыздарды улуттук рухий майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасында кыргыз тилинин коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө толук кандуу иштеши, элибиздин биримдигин камсыз кылып, бириктирүүчү ролду аткараары баса белгиленген. Ошону менен бирге, учур талабына шайкеш тил саясатын жүргүзүү, мамлекеттик, расмий жана чет тилдерди өздөштүрүү жаш муундардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө зор мүмкүндүк берет.

Мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууда сиздер менен чогуу кызматташып, кыргыз тилибиздин чыныгы мамлекеттик мартабасына ээ болуусуна салым кошуп, сапарлаш болуп келебиз! Соңку жылдары тил жаатында көп иштер жасалды, жасала турганы андан көп.

“Тилдин ээси – эл” деп, залкар атабыз Түгөлбай Сыдыкбеков белгилегендей, жалпы элдик аракет, бир тилекке бириккен улуттук мүдөө гана тилибиздин толук кандуу иштешине жана өркүндөшүнө өбөлгө түзөт.

Демек, биздин тилек – өз өлкөбүздө өз тилибизде сүйлөп, иштейли деген табигый талап. Башка улуттун өкүлдөрүн өз айланабызга бириктирип, ынтымакта иштешүүнүн бирден-бир жолу – мамлекеттик тилди кеңири колдонуу. Ошондуктан, баарыбыз эң ириде эне тилибизге кызмат кылуубуз менен элибизге ак санаган адал эмгек өтөөрүбүздү терең түшүнөлү.

Мамлекеттик тилибиздин түбөлүгү түз болсун, майрамыбыз кут болсун!».

Пикир

Оставить комментарий