• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргондо эрте никеге туруунун жана дайынсыз жоголуунун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишке, 04.02.22. /Кабар/. Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын демилгеси менен райондук деңгээлде жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага Базар-Коргон районунун акиминин орун басары, райондук балдарды коргоо бөлүмүнүн, билим берүү мекемелеринин, эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүнүн, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчилери жана милиция кызматкерлери катышты.

Жыйын жашы жете электер арасында эрте никеге туруунун жана өспүрүмдөрдүн дайынсыз жоголуу фактыларынын алдын алуу багытында өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында РИИБдин кызматкерлери сөз сүйлөп, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жогорудагы фактылардын алдын алууда биргеликте иш жүргүзүү керектигин, анын натыйжасы эффективдүү болорун белгилешти. Бул кадамды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү колдоого алышты. Профилактикалык иштерди жүргүзүүдө ата-энелерди да кошуу зарылдыгы белгиленди.

2022-жылдын башынан тартып Базар-Коргон районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасында 3 дайынсыз жоголуу фактысы катталып, милиция тарабынан табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий