• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде энергетиктердин республикалык семинары жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-апрелде Баткен шаарында өтүп жаткан “Тажрыйба алмашуу жана энергетикалык компаниялардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу” боюнча семинар аяктады. Бул тууралуу "Түндүк электр" компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки күнгө созулган семинарда кызматкерлердин билим деңгээли текшерилип, берилген тапшырмаларды аткарылышы боюнча сынак жыйынтыкталды.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, энергетика министри Доскул Бекмурзаев, Улуттук энергехолдинг башкармалыгынын Төрагасы Талайбек Байгазиев жана энергетиктер катышты.

"Түндүк электр" ишканасы командалык билим сынакта баш байгени багындырды. Андан тышкары, Панфилов районунун инспектору Ильпеков Чынгыз "Мыкты инспектор" наамына ээ болду. Чыгыш РЭТинин улуу устаты Бердигулов Аскат президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн "Ардак грамотасын" алды.

Семинар "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында бардык жетекчилер, "Баткен" филиалына көчөт отургузуу менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий