• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы өсүмдүктөрдүн бардык түрлөрүн камтыган маалымдама түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Кыргызстандагы өсүмдүктөрдүн бардык түрлөрүн камтыган маалымдама түзүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-29-октябрда Токой инженерлеринин ассоциациясы менен ФАОнун “Өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары жөнүндө” эки тараптуу эл аралык келишиминин алкагында Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжандын Айыл чарба министрликтеринин катышуусунда “Өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстарын, жергиликтүү өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн сактоо” боюча семинар өтүп жатат.

Бүгүнкү күндө токойлорду калыбына келтирүү жана токой өстүрүү, биологиялык ар түрдүүлүктү, биринчи кезекте бак-дарактардын жана бадалдардын генетикалык фондун сактап калуу, плантацияларды конкреттүү өндүрүштүк максаттарда өстүрүү азыркы шарттарда дагы эле актуалдуу милдет болуп саналат.

Семинардын жыйынтыгында Кыргызстандагы өсүмдүктөрдүн бардык түрлөрүн камтыган маалымдама түзүлөт.

"Учурда жаратылыш чөйрөсүнүн бузулуусунан, булгануусунан токой чарбасы көп жоготууга учурап жатат, бул көйгөйлөрдү жогорку квалификациялуу кадрлар гана чече алат. Бул жагынан кесиптештерибиздин кесипкөйлүгүн белгилегим келет. Бул маселелерди эксперттик кароо жана тиешелүү эл аралык тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү катары санасак болот, анткени биргелешип жумуш алып баруудан биз көптөгөн көйгөйлөрдү чече алабыз", - деди Токой инженерлери палатасынын президенти Хасан Түркйылмаз.

Пикир

Оставить комментарий