• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөттөн каза болгон келиндин окуясы. Жайыл аймактык ооруканасынын директору иштен алынды

Коом 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Жайыл аймактык ооруканасынын директору төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайыл аймактык ооруканасында төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмү боюнча министр Алымкадыр Бейшеналиевдин 12-февралдагы тапшырмасы менен Саламаттык сактоо министрлигинде кызматтык иликтөө жүргүзүү жана өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 14-февралындагы №42 буйругу менен Жайыл аймактык ооруканасынын директору ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары, директордун дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулуп, ал эми төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.

Пикир

Оставить комментарий