• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дипмамилелерге 30 жыл. Кыргызстан жана Индонезия ТИМ башчылары куттуктоо каттары менен алмашты

Саясат 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Индонезия тышкы иштер министри Ретно Марсуди куттуктоо каттары менен алмашты.

КР ТИМден билдиришкендей, бүгүн, 5-апрелде Кыргызстан менен Индонезия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет.

Жээнбек Кулубаевдин кайрылуусунда "Кыргызстан өз ара урматтоо жана түшүнүү принцибине негизделген кыргыз-индонезия эки тараптуу мамилелерин жогору баалайт" деп айтылат.

"Быйыл өлкөлөр эки тараптуу кызматташуунун 30 жылдык этабын басып өтүштү жана Кыргызстан менен Индонезиянын ортосундагы мамилелерде жаңы баракты ачууга жана мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга мезгил келди", - деп белгиленет.

Министр Ж.Кулубаев Р.Марсудини Кыргызстанга достук сапар менен келип кетүүгө чакырып, кесиптешине чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде, Р.Марсуди кайрылуусунда белгилегендей, "эки тарап тең өнөктөштүктүн натыйжалары Кыргызстан менен Индонезиянын элдерине, өзгөчө соода, туризм жана инвестиция чөйрөсүндө пайдалуу болушу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү изилдей алат".

Пикир

Оставить комментарий