• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын ЕБдагы туруктуу өкүлү Айдит Эркин Европарламентте брифинг өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Алдыда өтө турган Кыргызстан-Европа Биримдигинин Парламенттер аралык кызматташтык комитетине даярдык көрүүнүн алкагында 2023-жылдын 27-ноябрында Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү Айдит Эркин Европарламентте брифинг өткөрдү.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, иш-чара евродепутаттардын катышуусунда жана Европарламенттин Кыргызстан менен Европа Биримдигинин парламенттер аралык кызматташуусу боюнча делегациясынын башчысы Томаш Здеховскидин төрагалыгында өттү.

Элчи Айдит Эркин өз сөзүндө эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, өзгөчө ушул жылы Европа кеңешинин президентинин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана ЕБ лидерлеринин Чолпон-Ата шаарында өткөн кезектеги жолугушуусунун жана башка орун алган маанилүү иш чаралардын ийгиликтүү болгонун баса белгиледи.

Здеховски эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтык жогорку деңгээлде экендигин белгилеп, аны мындан ары да бекемдөө жана кеңейтүү боюнча аракеттерди улантуу ниетин билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстандын демократия жаатындагы жетишкендиктерин жана реформаларды улантуу жана тандап алган өнүгүү жолу маанилүү экенин белгиледи.

Өз кезегинде элчи евродепутаттарга өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана социалдык-экономикалык өнүгүү тууралуу кеңири айтып берди. Буга байланыштуу ал Европа Бирлигинин узак мөөнөттүү колдоосуна ыраазычылык билдирип, демократиялык институттарды чыңдоо жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө тармагында жүргүзүлүп жаткан аракеттерге көңүл бурду

Ал экономиканы диверсификациялоо, инвестиция тартуу жана туруктуу өнүктүрүү жаатында көрүлүп жаткан чараларга токтолду. А.Эркин жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга жана ТӨМгө жетишүүгө багытталган Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук программасында каралган негизги тармактар менен бөлүштү.

Элчи ошондой эле өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга жана көмүскө экономикага каршы болуп көрбөгөндөй күрөш жүрүп жатканына өзгөчө көңүл буруп, бул жааттагы ийгиликтердин аркасында өлкө бюджетинде да олуттуу өсүш байкалып, айлык акыны, пенсияларды жана башка жөлөк пулдарды жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгиледи. Ал айрыкча жумушсуздукту кыскартуу, жаңы мектептерди, мектепке чейинки мекемелерди жана социалдык объектилерди куруудагы аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Элчи евродепутаттын суроосуна жооп берип жатып, глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн Кыргызстандын мөңгүлөрүнө тийгизген таасирин белгиледи. Буга байланыштуу ал Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Өлкөнүн гидроэнергетика тармагындагы потенциалы тууралуу айтып жатып, ал бул жаатта ЕБ жана ЕБге мүчө мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган түрдүү чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары да чыңдоо ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий