• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кулубаев Иран президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкекке иш сапары менен келген Иран Ислам Республикасынын президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Хасан Каземи Кумини кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Афганистандагы кырдаалдын өнүгүшү жана афган көйгөйүн жөнгө салуу жолдору тууралуу пикир алмашышты.

Министр Кулубаев бул өлкөдө чыңалуунун мындан ары жайылышына жол бербөө максатында Афганистан өкмөтү менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысынын айтымында, аймактык кызматташуу механизмдерин, анын ичинде ШКУну натыйжалуу пайдалануу жана Афганистандын тынчтык жана өнүгүү жолуна түшүүсү үчүн жаңы механизмдерди издөөнү улантуу зарыл.

Жолугушуунун соңунда тараптар афган элине тынч жана стабилдүү Афганистанды куруу үчүн максималдуу колдоо көрсөтүү максатында бул багыттагы саясий диалогду улантуу тууралуу макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий