• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан жана Казакстандын премьерлери Акылбек Жапаровду Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттукташты

Саясат 0

Бишкек, 09.05.23. /Кабар/. Өзбекстандын жана Казакстандын премьер-министрлери Абдулла Арипов менен Алихан Смаилов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттукташты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Абдулла Ариповдун куттуктоосу: "Бул күнү чексиз кубаныч менен чексиз кайгы сезимдерин бир эле учурда башыбыздан өткөрүп, фронтто эрдик менен жана кажыбас кайраттуулук менен салгылашкан, ошондой эле тылда жан аябастан эмгектенип, тынчтыкты жана эркиндикти бүт күчү менен коргогондорду эскерип, чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. . Алардын эрдиги биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталып, жаштарга үлгү болот”, - деп айтылат куттуктоодо.

Абдулла Арипов ошондой эле “Ата-бабаларыбыздын эрдигин эскерүү жана элдерибиздин ортосундагы бекем достук байланыштар Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо үчүн бекем пайдубал болоорун” белгиледи.

Билдирүүнүн аягында ал Акылбек Жапаровго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жаңы ийгиликтерди каалады, ал эми “бир тууган Кыргызстандын элине тынчтык жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү” каалады.

Алихан Смаиловдун куттуктоосу: “Улуу муундар жасаган ыйык эрдик элибиздин кажыбас эркинин, бийик патриотизминин, руханий улуулугунун жана бузулбас биримдигинин жаркын символу болуп саналат жана болуп кала берет. Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда бекемделген казак-кыргыз достугу биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн бекем негиз болуп кызмат кыла берээрине ишенем. Учурдан пайдаланып, согуштун ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине бекем ден соолук, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий