• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Кувейттин Эмирине көңүл айтты

Саясат 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Фарих Аль-Ахмад Аль Джабер Ас-Сабахка карындашы Шейха Фариха Аль-Ахмад Аль Джабер Ас-Сабахтын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

“Сиздин карындашыңыз Шейха Фариха Аль-Ахмад Аль Джабер Ас-Сабахтын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Сиздин жакындарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сизге чыдамдуулук жана сабырдуулук каалайм”, -деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий