• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ балдар менен өспүрүмдөргө коркунуч жараткан “Momo” оюну тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. ИИМ коңшу өлкөлөрдө балдар менен өспүрүмдөргө коркунуч жараткан “Momo” оюну тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен жалпыга маалымдоо каражаттары өспүрүмдөр үчүн коркунучтуу болгон “Көк кит” оюнуна окшош “Momo” жаңы оюну социалдык тармактарда тарап жаткандыгы боюнча эскертүүчү маалыматты таратышкан. “Momo” оюну WhatsАpp тиркемеси аркылуу жайылууда.

“Оюндун башчылары өспүрүмдөргө зомбулук боюнча сүрөттөрдүн топтомдорун, андан соң буйруктарын аткарууга түрткөн коркутууларды жазуу түрүндө жөнөтүшөт”, - деп айтылат маалыматта.
Бул оюндун балдар жан өспүрүмдөр арасында тарап кетишинин алдын алуу максатында КР ИИМ “Момо” оюнунун балдарга менен өспүрүмдөргө коркунучтуу экендигин эскертет.

Эстеп калуу керек: WhatsАpp тиркемесиндеги “контакты” деген жеринде “Момо” пайда болсо, тез арада өчүрүп же сиз менен байланышуусуна бөгөт коюп салыңыз.

Учурда интернет айдыңында тарап жаткан коркунучтуу оюн боюнча ИИМ алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Ата-энелер балдардын жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна кайдыгер болбой, башка бирөөнүн баласына дагы коркунучтар жарала турган болсо да кырсыктарды алдын алууга милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий