• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында Жеңиш күнүнө карата спорттук мелдештер өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек,. 09.05.23. /Кабар/. Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов, Алишер Навои атындагы сейил бактарында жана ВоркАут, Ордо аянтчаларында спорттун мелдештер өткөрүлдү: аркан тартыш, ордо, тогуз коргоол, гиря көтөрүү, турниктерде тартынуу, шахмат, стол тенниси.

Спорттук иш-чараларга 250дөн ашык адам катышты.

Мелдештин жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн, аны Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий