• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта милиция бирдиктүү алдын алуу күнүн өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка жана жаш өспүрүмдөрдүн арасында топтошуп мушташууларга жол бербөө максатында “Бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Сузак РИИБдин өздүк курамы, ЖКККБнын иснпекторлору, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын 30 кызматкери жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү тартылды.

Бирдиктүү өткөрүлгөн иш-чара учурунда жалпы 2 миң 445 кожолукта жашаган 7 миң 335 атуулдун паспорттук эрежелери, РИИБдин каттоосунда турган 12 жана ок атуучу куралдары бар 8 жаран текшерилди. Тиешелүү уруксат кагаздарында кемчиликтери бар жана коопсуздук эрежелерди сактабаган 16 жаранга протоколдор түзүлдү. Мындан сырткары, жол эрежелерин бузган 42 айдоочууга эскертүү берилип, 23 протокол толтурулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө 1 мал уурулук фактысынын бети ачылган. Бирдиктүү алдын алуу иштери күндүзгү жана түнкү багыттарда жүргүзүлүп, кызматкерлер мобилдик топторго жана кайгуулдоо багыттарына бөлүнүшкөн. Алар коомдук жайларда милициянын көчмө кабылдама унаасы менен атуулдардын арыз-даттанууларын жана сунуштарын да кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий