• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Түркияга Стамбул – Ош түз аба каттамдарын ачууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Кыргызстан Түркияга “Стамбул – Ош” түз каттамдарын кайра жандандырууну сунуштады. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул демилге 17-апрель күнү өткөн Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн транспорт министрлеринин төртүнчү жыйыны учурунда айтылган.

“Түрк тарап менен Ош-Стамбул аба каттамдарын ачуу талкууланып, тараптар бул маселе боюнча өз ара түшүнүүгө жетишкен”, - деп берилет маалыматта.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов сүйлөшүүлөр учурунда Бишкек-Стамбул багыты боюнча учкан адамдардын саны жылдан-жылга өсүп, бул жерде каттамдарды көбөйтүү маселеси жаралып жаткандыгын айткан. “Ошол себептен биздин түрк кесиптештерге Кыргызстандын түштүк борбору аталган Ош шаары менен Стамбул ортосунда түз аба каттамдарын жандандыруу боюнча сунуш киргизет элек. Ошондой эле Кыргызстан бир тараптуу тартипте абанын бешинчи деңгээлдеги эркиндиги тууралуу режимин киргизген. Ал республика аркылуу эркин транзиттик авиаташууларды жүргүзүүнү түшүндүрөт. Ошол себептен министрлик чет элдик авиакомпанияларга ар тараптуу колдоо көрсөтөт”, - деди ал.

Андан тышкары министр түрк кесиптештери менен болгон жолугушуунун алкагында, ушул күндөрү Ош шаарында “Ош –Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу ири эл аралык иш-чара өтөөрүн баса белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий