• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдөгү Тоголок кенин өздөштүрүү иштери активдүү уланууда

Коом 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Кумтөр кенинен 200 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Тоголок алтын кенин иштетип баштоо үчүн зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүүдө.

Компаниядан билдиришкендей, ЖАКтын өндүрүш боюнча вице-президенти Кубанычбек Турдукожоев белгилегендей, Тоголок кенин иштетүүгө жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия алынгандан бери 5 ай гана убакыт өткөнүнө карабастан, адистер бир топ иштерди аткарышкан.

«1978-жылдан 1982-жылга чейинки мезгилде Тоголок кенин геологиялык чалгындоодо советтик адистер тарабынан 1424 метрлик туннел салынган. 40 жылдан бери жабылып турган бул штольнянын 230 метри калыбына келтирилди. Ичине желдеткич системалары орнотулуп, жарыктандырылды. Штольнядан алыс эмес жерге вахталык тартипте иштеген тоо-кенчилер үчүн жумушчулар лагери жайгашты. Ал жерде эс алууга жана тамактанууга зарыл болгон шарттар түзүлгөн», - деди Кубанычбек Турудукожоев.

Белгиленгендей, Тоголок кенинде 2023-жылдын ноябрь айынан бери бургулоо иштери жүрүүдө. Жалпысынан кен жайындагы 40 тилкеде бургулоо иштерин жасоо пландалган. Азыркы күнгө карата 40 скважинанын 22си бургуланып, 17 скважинанын үлгүлөрү лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.

Ошондой эле 2023-жылдын декабрь айынан бери жер астындагы штольняда да жумуштар башталып, ал жактан 4 тонна үлгү (проба) чогултуу пландалган.

Ошону менен бирге Үч-Кошкон тоолуу кыштагынан кенге чейинки 35 чакырым жол калыбына келтирилип, учурда анын кууш тилкелерин кеңейтүү, көпүрөлөрдүн тирөөчтөрүн бекемдөө иштери жүрүп жатат. Айрым жерлерге жаңы көпүрө куруу пландалып, даярдыктар жүрүүдө.

Маалымат үчүн: Тоголок алтын кенин иштетүүгө жана Жангарт аянтын геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия 2023-жылдын 8-августунда берилген. Советтик геологдордун маалыматы боюнча, Тоголок кениндеги алтындын запасы 17 тоннага жакын. Учурда жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты - запастар боюнча маалыматтарды тастыктоо жана алтынды казып алуунун ыңгайлуу ыкмасын аныктоо болуп эсептелет.

Кошумчалай кетсек, быйыл Жангарт аянтында да геологиялык чалгындоо иштери жасалат.

Пикир

Оставить комментарий