• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркмөнстан транспорттук-транзиттик кызматташтыкты кеңейтет

Коом 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамметхан Чакыев менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык,жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы транспорттук-транзиттик чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты жана бул жаатта өз ара аракеттенүүнүн өнүгүүсүнүн оң динамикасын белгилешти. Буга байланыштуу бул багыттагы мыйзамдык базаны өркүндөтүп, учурдун талабына шайкеш келтирүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Башкы директор Чакыев Кыргызстандан транзиттик жүк агымынын көбөйгөнүн канааттануу менен белгилеп, биргелешкен иштерди активдештирүүгө кызыкдар экенин ырастап, бул багытта кызматташтыкты кеңейтүүгө жана зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде элчи Мадмаров Кыргызстан - Өзбекстан - Түркмөнстан - Россия мультимодалдык каттамын тез арада ишке киргизүү, жаңы транспорттук коридорлорду жана товарларды жеткирүүнүн логистикалык чынжырчаларын түзүү боюнча өлкөлөр ортосундагы активдүү кызматташуунун зарылдыгына маектешинин көңүлүн бурду.

Мындан тышкары, ал Кыргызстан жана Түркмөнстандын жүк ташуучулары үчүн айдоочулук визалардын баасын азайтуу жана мөөнөтүн көбөйтүү, ошондой эле бул категориядагы визаны алуу үчүн документтерди кароо убактысын кыскартуу жагынан жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар транспорттук-транзиттик чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүү ниетин ырастап, үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий