• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шамалды-Сай районунун карыларын майрамы менен куттукташты

Коом 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүндө Карылар күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлүүдө, - деп билдирет КР МЧКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР МЧК Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы биринчилерден болуп эстафетаны кабыл алышып, Шамалды-Сай районунун карыларын майрамы менен куттукташты.

“Бул аталар жана апалар карылыгына байланыштуу эч жерге чыга алышпайт, ошондуктан биз аларга өзүбүз келип, базарлык алып келип жана чарбачылык жумуштарына жардам бердик. Карыларга камкордук көрүү- биздин милдетибиз”, - дейт КР МЧК Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Умут Кадыров.

Карыларга сый-урмат көрсөтүү иш чаралары чек ара бөлүктөрү жайгашкан бардык айыл, район, облустарда өтүүдө.

Тамаш-аш салынган баштыктарды тапшыруу жана чарбалык жумуштарга жардам берүүдөн сырткары КР МЧК медицина кызматкерлери кары адамдарга кароо жүргүзүшүп, медициналык жардам көрсөтүшүп, дары дармектер менен камсыз кылууда.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ыр-бий ансамбли Карылар үйүндө болушуп, анын жашоочуларын майрамы менен куттукташып, алар үчүн майрамдык концерт тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий