• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Руслан Бийбосунов Урал туризм ассоциациясынын президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Кечээ, 19-январда Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосуновдун Урал туризм ассоциациясынын президенти Михаил Мальцев менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Р.Бийбосунов М.Мальцевди Урал туризм ассоциациясынын түзүлгөндүгүнүн 25-жылдыгы менен куттуктап, туризм тармагындагы жигердүү кызматташкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди, айрыкча тараптардын делегацияларынын Екатеринбург шаарында өткөн «ЛЕТО-2021» жана Чолпон-Атада өткөн Issyk-Kul ITF – 2021 «I AM NOMAD» эл аралык туристтик көргөзмөлөрүнүн иш-чараларына катышуусуна токтолуп, бул жетишкендиктер өткөн жылдагы туристтик алмашуунун жыйынтыгынын жанданышы деп белгиледи. Башкы консул бул жылы активдүү кызматташууну улантууну сунуштады.

М.Мальцев COVID-19 коронавирусунун жайылуу шартында эл аралык туризм индустриясын өнүгүүсү боюнча пикири менен бөлүшүп, УТА тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жана алдыдагы иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын Урал аймагынын ортосундагы туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана туристик агымды арттыруу максатында кошумча чараларды колдонуу, биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду. Ошону менен бирге туристтик компаниялардын, ден соолукту чыңдоочу мекемелердин жигердүү ишмердүүлүгү, тараптардын тиешелүү ведомстволорунун катышуусу менен алардын өз ара тыгыз аракеттенүүсү жана бул иш-аракетке ташуучуларды – авиакомпанияларды тартуу зарылчылыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий