• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто изделип жаткан 17 жаштагы Зарина Бишкектен табылды

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Ош облусунда дайынсыз жоголуп, изделип жаткан 17 жаштагы Зарина Авазбек кызы Бишкектен табылды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, өспүрүм кыз ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Эскерте кетсек, Кара-Суу районунун Мады айылынын 17 жаштагы тургуну Авазбек кызы Зарина 29-апрелде болжол менен саат 13:30дө Алай районунун Гүлчө айылынан чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Пикир

Оставить комментарий