• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөн районунда 150 орундуу мектептин курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Өзгөн районунун Алга айылында 150 орундуу М.Ботобеков атындагы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, объектти куруу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, 1 жыл ичинде курулуп бүткөрүлүп, колдонууга тапшырылды.
Бүгүнкү күнгө карата курулуш-монтаждоо иштери толук аткарылып бүттү.

"Окуу корпусунун, спорт зал жана өтмөк галереясынын курулуш жумуштары бүткөрүлүп, эмерек жана техникалык жабдуулары толугу менен орнотулду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий