• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош жана Ысык-Көл облустарында арзан көмүр сатыла баштады

Аймак 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы министр Таалайбек Ибраевдин тапшырмасы менен калкка арзан көмүр ташууну улантууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошентип, "Кырызкөмүр" МИ атайын отун базаларды ачып, Ош облусуна "Загара" көмүр кенинен ташылып келген кара алтындын бир тоннасы 4800 сомдон, ал эми Ысык-Көл облусуна Кара-Кечеден ташылып келген көмүрдүн тоннасы 4000 сомдон сатыла баштады.

Көмүр сатып алууну каалагандар төмөнкү даректерге кайрылса болот:

Ош шаары:

- Бирлешкен айылы;

- Жапалак айыл өкмөтү;

- Туран кичи шаарчасы;

- Амир-Темир кичи шаарчасы.

Ысык-Көл облусу боюнча:

- Чолпон-Ата шаары;

- Промзона кичи району; (ПМК 107)

- Ысык-Көл району,Темир айылы;

- Иманалиева М.көчөсүндө сатылууда.

Эске салсак, буга чейин Кара-Кече көмүр кенинен 2022-жылдын август айынан ноябрга чейин 555 миң тонна көмүр казылып чыкты. Анын ичинен 317 миң тонна калкка, 295 миң тонна Бишкек ЖЭБге ташылды. Учурда Бишкекке тоннасы 4000 сомдук көмүр темир жол аркылуу вагон менен ташылууда.

Пикир

Оставить комментарий