• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 4 тез жардам унаасы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов өкмөт тарабынан берилген тез жардам унааларын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тапшырды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тез жардам унаалары Исфана шаарына, Лейлек районунун Кулунду, Баткен районунун Самаркандек, Кадамжай районунун Үч-Коргон жалпы дарыгерлер борборуна тапшырылды. Атайын унааларда бейтапка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эсебинде Баткен боюнча 44 тез жардам унаасы бар.

Пикир

Оставить комментарий