• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында президентке кат жазган балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-декабрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун атынан ата-энеси аскердик милдетин өтөп жатып каза болгон, жакыр жана социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдарына, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, жаңы жылдык белектер берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов балдарды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, ар бир үйгө, ар бир үй-бүлөгө ден-соолук, тынчтык жана кубаныч, бакубатчылык жана бакубат жашоо каалады.

Иш-чаранын алкагында Сарыбашов президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун атынан 58 балага эстелик белектерин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий