• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында сел ташкындарын алдын алуу аракети көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында сел ташкындарын алдын алуу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жазгы суу ташкындарынын алдын алуу максатында Жалал-Абад шаарындагы Сел-Арык, Чөкө-Арык жана Хан-Арык каналдары тазаланууда. Бул багытта калаа казынасынан атайын акча каражаты бөлүнүп тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.

Азыркы мезгилде атайын техникалар Спутник аймактык башкармалыгынын Манас көчөсүнүн боюндагы ири каналды тазалоодо. Жалпысынан алганда шаар ичиндеги аталган сел арыктарынын узундугу 15 чакырымдан ашат. Буга чейин калаанын коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргеликте эң эле кооптуу деп аталган аймактарды тактап чыккан.

Тийиштүү кызматтар ири арык бойлоруна курулган дүкөндөрдүн, автоунаа жуучу жайлардын жана кызмат көрсөтүүчү башка имараттардын айланаларындагы сел арыктарды таза кармоого чакырышат. Анткени арык тазалоо иштери эске алынбаган курулуштардын боюнда техника менен иш алып барууга да бир топ ыңгайсыздык жаралат.

Пикир

Оставить комментарий