• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров жана ЕРӨБ директору биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 03.11.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Улуттук өнүгүү форуму-2023: «Жакырчылык жана теңсиздик» форумунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча директору Жужанна Харгитай менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар климаттын күн тартибине өзгөчө көңүл буруу менен жол, энергетика, ирригация, инфраструктура долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, ЕРӨБ «Экономиканын артыкчылыктуу тармактарында долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу колдоо көрсөткөн» Кыргызстандын өнүктүрүү боюнча маанилүү өнөктөшү болуп саналат.

Өз кезегинде ЕРӨБ директору өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлорду колдоого даяр экендигин билдирип, ЕРӨБ тарабынан каржыланган долбоорлор, анын ичинде «Балбай-баатыр – Каракол ш.» автожолун реконструкциялоо долбоору анын жеке көзөмөлүндө тургандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий