• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош-Баткен-Исфана автожолунун Кызыл-Кыя-Көк-Талаа участкасынын курулушу башталды

Аймак 0

БИШКЕК, 21.08.17. /Кабар/. Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108-чакырымында, узундугу 33км болгон Кызыл-Кыя-Көк-Талаа унаа жолунун курулушунун уюштуруу, даярдоо жумуштары башталды. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолдун курулушу Ислам Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланууда. Курулуштун жалпы сметалык баасы 20 млн долларды түзөт.

Жолду куруучу Туркия Мамлекетинин “Алки” компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында, жол эки жылдык мөөнөттө бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Ал эми жумушчу катары жергиликтүү тургундар тартылат.

Курулуштун башталганына байланыштуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, жол куруучу компаниянын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик, тийиштүү мекеме жетекчилери менен кеңешме өттү.

Өкүл өз сөзүндө жол курууда, жол куруу компаниясына ар тараптан колдоо көрсөтүү менен жолдун сапатына өзгөчө маани берүүнү жана жол коопсуздугун эске алып, мыйзам чегинде жолду өз убагында бүткөрүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий