• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районунда бир нече уурулукка шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Аламүдүн районунда бир катар уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 10-июнда Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 1987-жылы туулган Р.А. кайрылып, бир күн мурда Таш-Мойнок айылындагы үйүнөн 67 миң сомдук курулуш материалдарын уурдап кеткендерге чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин ("Уурдоо") негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары буга чейин да ушул сыяктуу кылмышы үчүн соттолгон Өзгөн районунун пробация кызматында каттоодо турган 1999-жылы туулган М.А. кармалган.

Андан аркы иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн Арашан айылынын аймагында да бир катар уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги аныкталып, кылмыш жасаган учурда видео байкоо камерасына түшүп калганы такталган.

Учурда кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий