• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте коменданттык саат 21:00дөн 05:00гө чейин уланат

Коом 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык сааттын убактысы 21:00дөн эртең мененки саат 05:00гө чейин уланат. Бул тууралуу комендант Алмаз Орозалиевдин буйругунда айтылат.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ишин уланта берет.

Ошондой эле жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын борборго кирүүсү жана чыгуусу үчүн атайын режим киргизилет.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий