• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган кыз куткарылды

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу үйдөн боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 16:40та милицияга Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыз өзүн таштоого аракет кылып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери келип, боюн таштоого аракет кылган 2004-жылы туулган Б.Э., аттуу кыздык куткарышкан.

"Кыз үй-бүлөлүк чырдан улам мындай кадамга баргандыгын айтты. Азыркы учурда андан ары тийиштүү ии-чараларды жүргүзүү үчүн кызды Ленин райондук ИИБне жеткиришүүдө", - деп айтылат маалыматта.


Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Пикир

Оставить комментарий