• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектеги айрым үйлөрдө ысык суу жок болот

Коом 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. "Батыш-1" жылуулук магистралында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектеги айрым үйлөрдө ысык суу жок болот. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармактары" ААКсы билдирет.

Оңдоо иштерине жана 2020-2021-жылдагы жылуулук мезгилине көрүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу төмөнкү даректерде 27-31-июль күндөрү ысык суу жок болот:

- Шабдан Баатыр проспектиси - 97, 99;
- Чүй проспектиси - 26, 52, 105, 107, 111, 113, 115, 115а, 117, 119, 121, 123, 123/5, 125;
- Герцен көчөсү - 95а;
- Сүйүнбаев көчөсү - 18, 80;
- Гоголь көчөсү - 109, 111, 113;
- № 100, 178, 124 мектепке чейинки билим берүү мекемеси;
- №8 поликлиника жана Свердлов райондук администрациясынын имараты.

Ысык суунун өчүрүлүшү боюнча керектөөчүлөр төмөнкү телефондор боюнча кайрыла алышат: 36-57-19 (Борбордук райондун нөөмөтчү инженери) жана 61-11-69 (Керектөөчүлөрдү колдоо борбору).

Пикир

Оставить комментарий