• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Айкөл ааламы - Манас” сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. “Манас” эпосунун күнүнө карата Бишкектеги №6 мектеп-гимназиясынын базасында 1-11-класстар арасында “Айкөл ааламы - Манас” кароо-сынагы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка Биринчи май районундагы 6 мектеп катышты.

1-орун - №78 мектеп;
2-орун - №49 мектеп;
3-орун - №28 мектеп.

Сынак “Манас” эпосу жөнүндө КР мыйзамын ишке ашыруу, “Манас” эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо жана борбор калаанын жаш балдары жана кызматкерлери арасында жайылтуу, жаштарды идеологиялык чөйрөгө тартуу максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий