• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкектин Калыс-Ордо конушунун 20 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Бишкектин Калыс-Ордо конушунун 20 жылдыгы белгиленди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, майрамдык иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Биринчи май акимчилигинин аппарат жетекчиси Медет Кубатбеков, жаңы конуштун жашоочулары катышты.

Иш-чаранын программасында концерт, спорттук мелдештер болуп, ошондой эле улуттук тамак-аш жана суусундуктары бар 9 боз үйдөн турган этно шаарча ачылды.

Белгилей кетсек, Калыс-Ордо конушу 2003-жылы негизделген, аянты 135 га, калкы 8911 адам, социалдык объектилерден №86 мектеп, бала бакча, дарыгердик амбулатория бар.

Пикир

Оставить комментарий