• 88.68
  • 95
  • 0.95

Манас районунун Сөгөт айылындагы башталгыч мектепке унаа тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков Талас облусунун Манас районундагы Сөгөт айылында “Сөгөт” атындагы башталгыч мектебине Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа белек кылды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул демилге жергиликтүү тургундардын суроо-талаптарына жооп болду, анткени буга чейин окуучулар коңшу айылдын мектептерине күн сайын 6 чакырым жөө басып барууга мажбур болушкан.

Жергиликтүү тургундар жаңы унаа окуучуларды жамгырдан сактап, чыгармачылыкка, билимге жол ачарын белгилеп, депутатка ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий