• 88.68
  • 95
  • 0.95

Суваналиев таза шайлоо өткөрүүдө облус активине бир нече талаптарды койду

Аймак 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ийгиликтүү өткөрүү аракеттери өз нугунда жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн 19-мартта КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча республикалык штабдын көчмө жыйыны Баткен облусунда өтүп, ага облус башчысы Өмүрбек Суваналиев жана БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова катышты.

Суваналиев мамлекеттик кызматкерлерге кайсы бир партиянын кызыкчылыгын коргоого, коштоп жүрүүгө тыюу салынарын айтып, административдик ресурс боюнча маселе жаратпоого, мыйзам бузуусуз, ачык, таза шайлоо өткөрүүнү камсыз кылуу үстүндө иш алып барууну тапшырды.

“Бизде бийликтин партиясы деген жок, эл кимди тандаса, биз ошол эл өкүлдөрү менен иштөөгө даярбыз”, - деди ал.

Өмүрбек Суваналиев демократиялык, таза шайлоо өткөрүүдө облус активине бир нече талаптарды койду.

Алар:

-талапкерлердин үгүт иштерин жүргүзүүсүндө, жергиликтүү бийлик органдары бирдей шарт түзүп берүү;

-биометрикалык каттоодон өтө элек жарандарды каттоодон өткөрүү;

-шайлоочулардын тизмесин тактоодо, каза болгон жарандар боюнча буга чейинки орун алган кемчиликтерди жоюу;

-пандемияга байланыштуу санитардык талаптарды камсыз кылуу;

-шайлоонун эрежелери боюнча маалымат каражаттары аркылуу маалыматтарды үзгүлтүксүз элге жеткирүү;

-ММКдан талапкерлерге бирдей эфирдик убакыт берүү;

-светтик өлкө катары, дин өкүлдөрүн шайлоого аралаштырбоо, гендердик теңчиликти сактоо;

-үгүт иштерине жашы жете элек балдарды аралаштырбо;

-административдик имараттарга үгүт жарнактарын илбөө;

-бюджеттик мекемелерде, талапкерлер менен жолугушууну, иш процессине зыянын тийгизбөө менен шарт түзүп берүү;

-УКМК, прокуратура, ички иштер башкармалыгы добуш сатып алууга жол бербөө, эгер мындай фактылар катталса катуу чара көрүү.

Белгилей кетсек, бул жолку шайлоодо,облус аймагында референдум боюнча 218, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча 201 шайлоо участкалары иштейт.

Шайлоо участкаларында шайлоочулардын экинчи контролдук тизмеси 2021-жылдын 11-мартында толук такталып, 278 миң 837 адамды түздү.

Ал эми референдумга добуш берүүчүлөрдүн саны 299 миң 653 адам.

Шайлоого карата коомдук тартипти камсыздоо максатында 900гө жакын ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылат.

Пикир

Оставить комментарий