• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Юстиция министри жана Улуу Британиянын элчиси укуктук чөйрөдөгү кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Юстиция министри Аяз Баетов менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулердин жолугушуусу өттү.

Юстиция министрлигинен кабарлашкандай, тараптар эки өлкө ортосундагы укук жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты, ошондой эле актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Өзгөчө көңүл эл аралык корпоративдик жана транзакциялык укук жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгына бурулду. Министр аталган маселелер боюнча жумушчу топ үчүн окутуу иш-чараларынын алкагында активдүү тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, тараптар жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө жалпы үмүттөрүн билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий