• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыйкатчынын жаңы орун басары эмгек жамаатына тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев жаңы шайланган акыйкатчынын орун басары Жаныбек Жоробаевди жамаатына тааныштырды.

Алымбаев жаңы орун басардын ишине ийгиликтерди каалады.

“Адам укугун, мыйзам талаптарын коргогон мекеме түзүү зарылчылыгы жаралып, 2002-жылы Акыйкатчы институту түптөлгөн. Андыктан акыйкаттык принциптерине таянуу менен мыйзамдарды так сактоо жана аны жетекчиликке алуу Сиздин башкы милдетиңиз болушу керек”, – деди ал.

Белгилй кетсек, Жаныбек Жоробековдин талапкерлигин Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева сунуштаган. Ага ылайык, бүгүн Жогорку Кеңеште талапкерге добуш берилип, депутаттар тарабынан колдоо тапты.

Пикир

Оставить комментарий