• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте окуучулар арасында математика боюнча республикалык олимпиада өтөт

Билим 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Бишкекте математика боюнча республикалык олимпиада өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, олимпиаданын I этабы онлайн форматта 2024-жылдын 3-мартында өтөт.

Ал эми 17-мартта олимпиаданын II этабы Кыргыз-Швед математика мектебинин (KSMS) базасында өтөт.

Олимпиада жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын математикалык жөндөмдөрүн жана көндүмдөрүн аныктоо жана колдоо, окуучулардын арасындагы атаандаштыкка жараша шыктуулардын өз ара чыгармачылык мамилелерин өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий