• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министрлиги ЖРТ талап кылынбаган 33 адистиктин тизмесин жарыялады

Билим 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерди окууга кабыл алууда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары керек болбогон даярдоо багыттары менен адистиктердин тизмесин бекитти.

Тиешелүү буйрук 7-февралда кабыл алынган.

Код/ даярдоо багыттарынын/ адистиктердин аталышы:

1. Дене тарбия жана спорт;
2. Ден соолугунда мандеми бар адамдар үчүн дене тарбия (адаптивдүү дене тарбия);
3. Искусство таануу;
4. Театр таануу;
5. Хореография искусствонун тарыхы жана теориясы;
6. Музыка таануу;
7. Кино таануу;
8. Кинооператорлук;
9. Көркөм сүрөт искусствосунун тарыхы жана теориясы;
10. Инструменталдык аткаруучулук (инструменттердин түрлөрү боюнча);
11. Вокалдык искусство (вокалдын түрлөрү боюнча);
12. Дирижерлук кылуу (аткаруучу коллективдердин түрлөрү боюнча);
13. Композиция;
14. Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча);
15. Үн режиссурасы (колдонулуучу багыттары боюнча;
16. Актердук өнөр;
17. Режиссура (колдонулуучу багыттары боюнча);
18. Театралдык-декорациялык искусство;
19. Хореографиялык өнөр;
20. Хореографиялык режиссура;
21. Хореографиялык педагогика;
22. Дизайн;
23. Интерьер жана жабдуулар;
24. Декоративдик-колдонмо искусствосу жана элдик кол өнөрчүлүк;
25. Монументалдык-декоративдик искусство;
26. Живопись;
27. Графика;
28. Скульптура;
29. Адабият чыгармачылыгы;
30. Элдик көркөм чыгармачылыгы;
31. Социалдык-маданият ишмердүүлүгү;
32. Көркөмдүк билим берүү;
33. Көркөм сүрөт искусствосу.

Пикир

Оставить комментарий