• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош мэриясы айыл жергесин өнүктүрүү долбоорун ишке ашырат

Аймак 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Good Neighbors International Эл аралык бейөкмөт уюмунун Кыргызстандагы филиалынын директору Вон Иль Хён менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде каражат чогултуу программасынын (фандрайзинг программасы) алкагында кайрымдуулук акцияларын өткөрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле айыл жергесиндеги аялдарды колдоо, окутуу, логистикалык борборлордун, мектепке чейинки билим берүү мекемелердин системасын жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууда биргеликте аракеттенүү боюнча сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, Good Neighbors International Эл аралык бейөкмөт уюму 1991-жылы Кореяда негизделген. Уюм 2014-жылдан бери Ош шаарында жана үч облуста балдарга билим берүү, саламаттыкты сактоо, коомчулукту өнүктүрүү жана өзгөчө кырдаалдарга жардам көрсөтүү боюнча 15ке жакын долбоорлорду ишке ашырып келет.

Пикир

Оставить комментарий