• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунда акыркы бир айда 12 жол кырсыгы катталып, андан эки адам каза болгон

Аймак 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында акыркы бир айда 12 жол кырсыгы катталып, андан эки адам каза болгон. Бул тууралуу Баткен облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери Ош—Баткен—Исфана автожолун бойлой курулган тамактануучу, автоунаа оңдоочу жайларды айдоочулар үчүн коопсуздугун текшерип чыгып, аталган жайлардын ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анткени бул жайларга токтогон айдоочулар автоунааларын иретсиз токтотуп башка айдоочуларга кыйынчылык туудуруп, жол тыгындарын пайда кылууда.

ЖККККнын кызматкерлери жогорудагы жайлардын ээлерине айдоочуларга шарт түзүп, атайын токтотуучу жайларды уюштуруу жактарын эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий