• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каратэ боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү

Спорт 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Каратэнин бардык түрү боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкектеги "Gym-n-Roll" балдардын спорттук оюн-зоок комплексинде орун алган мелдеште 48 салмак категориясы боюнча 200дөн ашык жаш спортчу күчүн сынады.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча командалык мелдеште жеңүүчү деп төмөнкү командалар табылды:

1-орун – Бишкек шаарынын «Shinobi» спорт клубунун командасы (17 алтын, 14 күмүш жана 16 коло медаль);
2-орун - Бишкек шаарынын «Каскад» спорт клубунун командасы (12 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медаль);
3-орун – Бишкек шаарынын “Shah Team” спорт клубунун командасы (7 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медаль).

Мелдеш эң күчтүү спортчуларды аныктоо, каратэ спортун Бишкек шаарында жайылтуу ошондой эле жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий