• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада 6 медаль утту

Билим 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Кыргызстандык алты окуучу VIII Эл аралык Info (1) Cup олимпиадасында 3 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, олимпиада 10-12-февралда Румынияда өткөн.

Төмөндө жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

- Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Ян Бобрус, Бишкектеги "Газпром Кыргызстан" мектебинин 8-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
- Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.
- Абдуллахан Абдирасулов, Ош "Сема" лицейинин, 8-классынын окуучуcу – коло медаль;
- Байыш Минбаев, Ош “Сема” лицейинин, 9-классынын окуучуcу – коло медаль;

Команданын лидерлери:

- Кылычбек Урайымов, Сапат олимпиада борборунун информатика олимпиада боюнча тренери;
- Медербек Осмонов, "Газпром Кыргызстан" мектебинин информатика олимпиада боюнча тренери;
- Нургул Бактыбекова, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин информатика мугалими;
- Анварбек Хайдаров, Ош “Сема” лицейинин информатика мугалими.

Эскерте кетсек, олимпиадага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Белгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казахстан, Молдова, Румыния, Сирия, Украинадан жалпы 135 окуучу катышты.

Пикир

Оставить комментарий