• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министри чек ара аймактарындагы мектептерден кабар алды

Билим 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 8-9-ноябрь күндөрү жумушчу сапары менен чек арада жайгашкан мектептерде болду, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министр Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндөгү "Максат" орто мектебине, Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү №3 эксперименталдык гимназияга, Баткен районунун Самаркандек айылындагы курулушу жүрүп жаткан Ж.Момунов орто мектебине жана Баткен шаарындагы мектеп гимназиясына, Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Ж. Байжигитов атындагы орто мектептерине барды.

Министр сапардын жүрүшүндө чек арага жакын аймактагы мектептердин окуу-тарбия иштери, билим берүү инфраструктурасы менен кеңири таанышып, мугалимдер жана тарбиячылар менен баарлашып, көйгөйлүү маселелерин угуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Мектептердеги мугалимдер октябрь айына карата маяналары 30%га жогорулаганы боюнча кубануу менен айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

Чек арадагы “Максат” орто мектебинде конфликттен кийин абал турукташып, кадимки иштиктүү атмосфера уланып жатканын көрдү.

Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалими”, новатор, чыгармачыл мугалим Гапыр Мадаминовдун эксперименталдык лицейинде жыл сайын бүтүрүүчүлөр ЖРТдан эң жогорку баллдарды алышат. Өткөн жылы бүткөн 26 окуучунун ЖРТдан алган орточо баллы 187 баллды түзгөн. 10дон ашуун окуучулар “Алтын тамга” алышкан. Каникул күндөрү да окуучулар олимпиадага даярданып жатканын көрдү. Жыл сайын бул лицейдин бүтүрүүчүлөрү республикалык олимпиадаларда эң алдыңкы орундарды алышат. “Энелер мектеби” демилгеси да ушул мектептен башталып, республикага жайылтылып жатат.

Ал эми “Баткен” гимназиясы да мыкты билим берген, алдыңкы мектептердин бири. Бул мектептин окуучуларынын көрсөткүчтөрү да бир топ жогору. Министр окуучулардын жашоо шарты, билим алуусу, тамактануусу, коопсуздугу боюнча кеңири маалымат алды.

Самаркандек айылындагы Ж.Момунов мектеби чек ара тилкесинин жанында жайгашып, эски мектеби жараксыз абалга келгендиктен, жаңы мектептин пайдубалы түптөлүп жаткандыгын көрүп, курулуш иштери менен таанышты.

Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Ж. Байжигитов орто мектеби авариялык абалда экендигин көрүп, бул мектепти куруу боюнча иш-аракеттер жүрө тургандыгын айтты.

Министр мектептердин абалы менен жеринде таанышып, айыл мугалимдери менен кеңири пикир алышып, алардын сунуштарын угуп, билим берүүдөгү ийгиликтерине жана демилгелерине күбө болуп, мугалимдерге дем-күч берип, окуучуларга окуу процессине колдонуу үчүн технологияларды, окуу жана адабий китептерди белекке берди.

Пикир

Оставить комментарий