• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүтүрүүчүлөргө мектепти аяктагандыгы тууралуу документтер бекер берилет – Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Жалпы негизги билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндө аттестат бүтүрүүчүлөргө акысыз берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигиген билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, мектеп жетекчилигинин жана башка жактардын мамлекеттик үлгүдөгү бул документтер үчүн акча талап кылууга укугу жок.

"Эгерде аттестат жоголуп же башка себептер менен дубликат алына турган болсо, аттестаттын тиркемеси менен дубликатына 50 сом, артыкчылыгы менен аттестат дубликаты үчүн 50 сом, күбөлүктүн дубликатына 20 сом төлөнөт", - деп айтылат маалыматта.

2024-жылдан тарта министрлик тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди санариптештирүү башталды. Учурда өлкө боюнча 10 мектепке апробация жүргүзүлүп жатат: 7 облусттан 1ден мектеп, 2 республикалык деңгээлдеги шаардан 1ден мектеп жана 1 жеке менчик мектеп.

Ошондой эле электрондук аттестаттарды жана күбөлүктөрдү толтуруу боюнча ар бир райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерине семинарлар өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, 2023-2024-окуу жылында өлкө боюнча 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 128 миңден ашуун, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 73 миңден ашуун.

Пикир

Оставить комментарий